Ноокатта мыйзамсыз деп табылган "Жоробай-Ажы" соода түйүнү буздурулду. Бул тууралуу кечээ, 17-июлда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ага ылайык, Ноокат райондук сотунун чечими менен Ноокат шаарынын Солтобаев көчөсүнүн күн батыш тарабындагы 2 кабаттуу “Жоробай-Ажы” соода түйүнү мыйзамсыз курулганы аныкталып, аны буздуруу боюнча чечим чыгарган. Учурда Мамкурулуш тарабынан демантаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Аталган агенттик курулуш курууда мыйзамсыз иш-аракеттерге баруу менен чоң чыгымдарга учурап калбоо үчүн архитектуралык иш-кагаздарды толугу менен даярдап, анан курулуш иштерин баштоону эскертет", - деп айтылат маалыматта.