Бүгүн, 18-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Мирлан Таалайбековду унаа коюп кетти.
Маалыматка караганда, инспектор жол жээгинде нөөмөттө турган. Алдын ала маалымат боюнча, анын мээси чайкалып, колу сынган.
Таалайбеков жол эрежесин бузган жана талаптарга баш ийбеген айдоочуларды ашкерелеп келгени менен белгилүү. Ал туристтик сезондо Ысык-Көлгө жөнөтүлгөн.