Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жылытуу мезгилинде Бишкек ЖЭБин жогорку калориялуу көмүр менен камсыз кылуу максатында, Бишкек мэринин орун басары Таалайбек Байгазиев Бишкек ЖЭБинин директору Нургазы Курманбеков менен бирге Миң-Куш көмүр кенине иш сапары менен барды.
Калаа мэриясынан билдиргендей, иш сапардын алкагында вице-мэр Миң-Куш кенинен көмүр казып алуунун жүрүшү менен таанышып, кампага салуу, сактоо жана ташуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
"Иш сапар Миң-Куш кенин Бишкек шаарынын ЖЭБине кошуунун алкагында болуп өттү. Бул ишкананы, ошондой эле Бишкек шаарынын жана башка облустардын калкын сапаттуу жагылуучу көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жакшыртууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.