Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясы калаадагы тартипти жана тазалыкты сактабагандарга чара көрүүдө. Муниципалитеттен билдиргендей, кечээ, 17-июлда көрктөндүрүү эрежелери сакталбаганы үчүн инспекторлор тарабынан 1 миллион 88 миң сомдук айыптар өндүрүлгөн 81 протокол түзүлдү.
Алардын ичинен төмөнкүдөй мыйзам бузгандарга чара көрүлгөн:
- чектеш аймактагы антисанитардык шарттар;
- уруксат берилбеген жерлерге тиричилик таштандыларын ыргытуу;
- жашыл аянттарга зыян келтирүү;
- жол конструкциясын бузуу.
Калаа бийлиги таштанды таштоочу жайларга видеокамералар орнотулганын эске салып, тартип бузгандар административдик жазага тартыларын кайталады.