
Ысык-Көлдө эс алуучуну катер коюп кетип каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 15-июлда Ысык-Көл райондук ооруканасына бир адам эс-учун жоготкон абалда жеткирилгени тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын териштирген.
Кырсык Кара-Ой айылындагы пляжда саат 18:25терде орун алып, анда 42 жаштагы К.Б. аттуу Казакстандын жараны жабыркаган. Тилекке каршы, ал 16-июлда жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Скутердин кожоюну 32 жаштагы М.Б. аттуу Ысык-Көл районунун тургуну болгон. Ал эми кырсык учурунда аны 18 жаштагы А.А. аттуу Кара-Ой айылынын тургуну башкарып бараткан.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 127 (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 311-беренеси (Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козголду.