Коңшу Өзбекстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы Ниццада жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитети билдирди.
Франциянын “Рейзинг Грасс” клубу менен болгон оюнда Тимур Кападзенин командасы 5:0 эсебинде жеңишке жетти.
Өзбекстан курамасы "Париж-2024" Жайкы Олимпиада оюндарына даярдыктын алкагында акыркы жолдоштук оюнун бүгүн, 18-июлда Жаңы Зеландияга каршы өткөрөт.
Эске сала кетсек, Олимпиадада Өзбекстан курама командасы "С" тайпасында Испания, Египет жана Доминикан Республикасы менен ойнойт.