Бишкекте кызматкерлер суунун акчасын төлөбөгөндөрдүн үйүн кыдырууда

Бишкектин Биринчи май районунда карызы барларды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү. Муниципалитеттен билдиргендей, рейдди Бишкек мэриясы "Бишкек суу канал" ишканасы менен биргеликте жүргүзгөн.

Биргелешкен иштердин жүрүшүндө 6 ай жана 1 жылдан ашык акча төлөбөгөн тургундардын арасынан туруктуу карызы барлар аныкталды. Адистер калк арасында квитанцияларды өз убагында төлөө керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Карыздын негизинде иш сотко өткөрүлөт. Андан кийин суу өчүрүлөт. Сууга кайра туташтыруу абонентке 8200 сомду түзөт. Андыктан коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөөңүздөрдү суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан