Бүгүн, 25-декабрда Бишкекте КРнын Кикбоксинг федерациясынын жыл жыйынтыгын чыгарган отурум болуп өттү. Отурумдун алкагында кикбоксинг боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Жанбулат Амантаев, машыктыруучу Алтай Өмүрбаев, кикбоксчулар Кумар Жалиев, Мирлан Ибрагимов жана Улан Касымбековдор бир катар суроолорго жооп беришти.
Отурумдун мүчөлөрү КРнын Кикбокс федерациясынын 2013-жылдагы эмгегин жогорку деңгээлде баалашты. Кикбоксчу Кумар Жалиев “Бул жыл биз үчүн жемиштүү болду. Катышкан ар бир эл аралык мелдештерде медаль менен кайтып жаттык. Бул үчүн машыктыруучуларыбызга ыраазычылык билдиребиз”,-деди.