19-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27.
Бишкекте күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.