Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 18-июлда жетим балдар үчүн жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернатына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинде 200гө жакын бала билим алат. Байсалов мектеп-интернаттын тарбиялануучуларынын жашоо шарты жана мекемедеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Билим берүү мекемесинин аймагында кичи-футбол аянтчасы курулуп жатат, ага 1 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары мектеп-интернаттын тарбиялануучулары үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен мектептин айланасында 18 батирлүү турак жай курулууда. Учурда шыбак иштери башталды.
Байсалов курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында аяктоо, ошондой эле бүтүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.