УКМК тарабынан Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен биргеликте эл аралык террордук уюмдун жактоочулары кармалып, Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Аталган жарандар жаштарды өз катарына тартуу максатында социалдык тармактарда террористтик идеологияны жайылтып жүргөн радикалдык топтун мүчөлөрү экендиги аныкталган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, таркатылып жаткан фото жана видеоматериалдарда "Халифат" “террористтик аракеттерге ачык чакыруу”, “улуттук, расалык, этностук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу” жана “конституциялык түзүлүштү бузуу менен конституциялык түзүлүштү кулатуу” белгилери камтылган", - деп билдиришти УКМКдан.
Аталган топтун лидерлеринин бири К.Б.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.