Коңшу Казакстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарына катыша турган улакчыларга акчалай сыйлыктар берилди. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы кабарлады.
Федерация башчысы Рамис Жунушалиев бул каражатты чегерүү үчүн демөөрчүлөргө кайрылып, жыйынтыгында атын атагысы келбеген инсандар көкбөрүчүлөргө каржылык колдоо көрсөтүүгө макул болгонун билдирди. Натыйжада 18 оюнчу, 3 машыктыруучу, 4 атчы, 2 саяпкер жана 2 видеографка акчалай каражаттар ыйгарылган.
"Рамис Жунусалиев 50миң сомдон алган улакчыларга кайрылып, алдыда ушул өңдүү каржылык чегерүү дагы болорун белгилеп өттү", - деп билдиришти федерациядан.