Чүйдө ачылган унаа заводу кандай үлгүдөгү унааларды чыгарары белгилүү болду

Өлкөдө жаңы ачылган TULPAR MOTORS унаа чогултуучу заводунун директору Мирбек Дубанаев ишканда кандай үлгүдөгү унаалар чыгарыла баштаганын айтты.

"Бүгүнкү күндөн баштап Chevrolet Tracker, Chevrolet Cobalt, Chevrolet Onix, Lavo Damas ошондой эле жүк көтөрүмдүүлүгү 3 жана 5 тонналык болгон Isuzu жүк ташуучу унаалары чыгарылып баштады. Баалары жөнүндө айтсак, Cobalt 1 миллион 57 миң сомдон башталат. Ал эми Lavo Damasтар 740 миң 400 сомдон башталса, жүк ташуучу унаалардын баштапкы баасы 34 миң 500 доллар" - деди ал.

Ошондой эле Дубанаев Chevrolet үлгүсүндөгү унаалар 3 жыл же 100 миң километр, ал эми Isuzu 2 жыл же 100 миң километр кепилдиги менен берилерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat-123
2024-07-19 03:25:00
Өзбекстадын экинчи сорттогу Chevroletине караганда Кореадан абалы жакшы Sonata K5 алдырып минген артык, баасы дагы мындан алда канча арзан түшөт
+1
Azat-123
2024-07-19 03:47:00
Эмне үчүн япониядан оң рулдуу унаалар эмдигиче Армения менен Орусияга кирет а бизге кирбейт? биздин эмнебиз кем? биздин өлкөбүз 90% тоолуу аймактардан турат, биздин аймактарга бир гана япондун унаалар узакка туруштук бере аларын көрүп жатабыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан