Американын популярдуу ESPN телеканалынын эксперттери 21-кылымдагы дүйнөнүн мыкты спортчуларын аныкташты.
Басылманын расмий сайты 21-кылымдын 100 мыкты спортчусунун тизмесин жарыялады. Эксперттер 2000-жылдын 1-январынан берки жетишкендиктерин эске алуу менен алдыңкы спортчуларды тандап алышкан.
Рейтингде биринчи орунду америкалык сууда сүзүүчү Майкл Фелпс ээледи. Экинчи орунга америкалык теннисчи Серена Уильямс, үчүнчү орунга аргентиналык Лионель Месси жайгашты.
Ошол эле учурда анын негизги атаандашы португалиялык Криштиану Роналду бул тизмеде 13-орунга катталган. Бул рейтингдин алдыңкы топ-25тигинде башка футбол оюнчулары болгон эмес.
Ошондой эле алдыңкы ондукка Леброн Жеймс (баскетбол), Том Брэди (америкалык футбол), Роджер Федерер (теннис), Симон Билз (гимнастика), Тайгер Вудс (гольф), Усэйн Болт (жеңил атлетика) жана Коби Брайант (баскетбол) кирди.
Көптөгөн күйөрмандар тизмени талаштуу деп эсептешет. Анткени алдыңкы 25тин ичинде АКШдан 17 спортчу бар болчу. Ал эми легендарлуу жарышчы Михаэль Шумахер Льюис Хэмилтондон төмөн жайгашкан.
Жалпысынан 21-кылымдын 100 мыкты спортчусунун тизмесине АКШдан 56, Испаниядан 5, Канада жана Доминикан Республикасынан 4 катталган. Ошондой эле тизмеге Бразилия, Франция жана Япониядан 3төн спортчу кирди. Мындан башка өлкөлөрдөн 22 спортчу кошулган.
Белгилей кетсек, тизмеде биринчи орунду ээлеген Фелпс көп жолу баңгизат жана допинг колдонгонун аныкташкан.