Бишкекте аскердик кармашып урушуу боюнча турнир башталды (сүрөт)

18-июлда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда күч түзүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин арасында аскердик кармашып урушуу боюнча мелдештин ачылыш аземи болуп өттү.

Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, турнир Улуттук гвардиянын түзүлгөн күнүн белгилөөнүн алдында жана 1999-2022-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жаркын элесине карата өтүп жатат.

Турнирдин ачылыш аземине Улуттук гвардиянын колбашчысы, полковник Талантбек Эргешов, Куралдуу күчтөрдүн ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, спортчулар жана атайын коноктор катышты.

"Колбашчынын кубогу үчүн күч түзүмдөрүнүн 13 курама командасы ат салышат жана алар он салмактык категорияда күч сынашат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан