Европа парламентинин көпчүлүк добушу менен Урсула фон дер Ляйен Европа комиссиясынын төрайымы кызматына экинчи беш жылдык мөөнөткө бекигенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, анын талапкерлиги 18-июлда каралып, анда добуш берүү жабык өткөн. Жыйынтыгында 402 депутат колдосо, 284ү каршы добуш берген жана 15и калыс болгон. Ляйен негизинен бул кызматка кайра шайлануу үчүн 720 депутаттын кеминде 361 добушун алышы керек болчу.
Белгилей кетсек, ал бул кызматка 2019-жылы дайындалган.