Ысык-Көлдө мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы 1,43 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2000-жылы О.Э. аттуу кыргыз жараны Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жардамы менен "Авто-техсервис" ишканасынын 1,43 гектар аянттагы жер тилкесин жана Жаңы-Арык айылында жайгашкан административдик имараты бар жерлерди айрым документтерди жасалмалоо жолу аркылуу жеке менчикке алган.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгында О.Э. тарабынан документтерди бурмалоо фактысы аныкталган.

"Базар баасы боюнча 7 миллион 830 миң сомду түзгөн "Авто-техсервис" ишканасынын 1,43 гектар жер тилкеси жана административдик имараты бар жерлер мамлекеттин балансына кайтарылып берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан