SUPER.KG порталынын "Тагдыр" берүүсүнүн бул жолку каарманы 22 жаштагы 3 баланын апасы Нуржамал. Ал жолдошу кетип калып, кабар албай жүргөнүн, өзү ата-энесинен эрте ажырап, башынан оор тагдыр өткөрүп жатканын баяндап берди.
"Жолдошумдун үйдөн чыгып кеткенине бир ай болуп калды. Тамак-ашыбыз калган жок, кошуналарыбыз алып келип беришет. Балдарым менен кээде суткалап да тамак жебей калабыз. 3 балам курсагыбыз ачты деп ыйлашат. Бир жумадан бери жумуш издейм, бирок бала менен эч жерге албайт экен.
Жашоодон үмүтүм жок. Бүгүн жолдошума жаздым, "жашагым келбей калды, баланы алып кет" деп. Бирок андан жооп келген жок", - дейт ал.
3 баласы менен бир айдан бери тамак-аштан катуу кыйналып жатканын айткан Нуржамал учурда бардык жактан жардамга муктаж.
МБАНК: 996703494951 Умида А.
ЭЛКАРТ: 9417088544369831
Байланыш номери: 0507 030520
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.