Бишкек жана Чүйдө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болот. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бир саат аралыгында жана күндүз Бишкекте жана Чүйдө күн күркүрөп, түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.