Президент Садыр Жапаров "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 12-июнда кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамга ылайык оккультизм-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана аларды көрсөтүүчү жактарды жарнамалоого жол берилбейт.
"Мыйзамдын максаты жарандардын аң-сезимин кандайдыр бир оккульттук, сыйкырдуу жана башка анык эмес ыкмалар менен кызмат көрсөтүү жаатында өз пайдасын алуу үчүн тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кызмат көрсөтүүнү болтурбоого багытталган", - деп жазылат маалыматта.