Ысык-Көлдө көлгө чөгүп бараткан баланы куткарган милиция кызматкери сыйланды  

Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү куткарып калган милиция кызматкери Ринат Токоев "Каармандык" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын өзүнчө ротасынын инспектору, милициянын улук лейтенанты Ринат Токоев кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан "Каармандык" медалы менен сыйланды.

"21-июнда Караколдогу Пристань-Пржевальск шаарчасынын аймагында 14 жаштагы өспүрүм көлгө түшүп жатып күтүүсүздөн чөгө баштаган. Жеринде кызмат өтөп жаткан Ринат Токоев сууга кирип, баланы аман-эсен алып чыккан. Өспүрүмгө биринчи жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан