Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Париждеги Олимпиада оюндарына катыша турган спортчулардын саны боюнча 9-орунда турат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) социалдык баракчасында билдирди.
Биринчи орунда өзүнүн 16 балбаны менен АКШ турат. Ал эми Кыргызстандан жалпы Олимпиадага 16 катышуучу болсо, анын 10у күрөшүүгө бара жатышат.
Айта кетсек, Франциянын борборунда боло турган олимпиаданын ачылыш аземи 26-июлда өтөт. Ага 206 өлкөдөн 329 сыйлык үчүн ат салышууга 10 500 спортчу катышат. Ал эми 4000ден ашык спортчуну Олимпиадага катыштырбоо чечими чыккандыгын чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.