Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында болгон жол кырсыгынан ооруканада оор абалда жаткан бала бүгүн, 19-июлда каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Альмира Алдашева билдирди.
Кырсык 17-июлда Өрнөк айылында болгон. Анда Toyota Avensis унаасы менен артынан келе жаткан Mercedes-Benz W210 унаасы сүзүшкөн. Toyota Avensis унаасынын айдоочусу, анын жубайы жана 9 жаштагы небереси ошол жерден каза тапкан. Үч бала оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол түнү эки өспүрүм каза болгон.
Ал эми экинчи унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчү денелеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Унааны 20 жаштагы бишкектик жигит башкарып бара жаткан.
Кийинчерээк каза болгондор Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана алардын 9 жаштагы небереси экени айтылган.