Алай районунда 30 памирлик кыргыз кесиптик билимге ээ болду, анын ичинен 15 аял тигүүчүлүктү, ал эми 15 эркек айдоочулук кесипти үйрөнүштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган памирлик кыргыздардан кабар алды.
Анын айтымында, 15 аял тигүүчүлүк, 15 эркек айдоочулук кесипке окушту.
"Мамлекет ар бир үй-бүлөгө бирден саан уй жана жылкы, 10 баштан кой берди. Райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 16 жашка чейинки 36 бала “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алат.
Мындан тышкары ишке орноштуруу кызматы үй-бүлө мүчөлөрүнө кесиптик окуудан өтүүгө жардам берди: 15 аял тигүүчүлүктү, 15 эркек айдоочулук кесипке окушту", - деди Бакыт Дарманкул уулу.