Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Азербайжандын жараны жана ага көмөк көрсөткөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Азербайжандын 1993-жылы туулган Б.М. аттуу жараны кармалган. Ал башка мамлекетке өтүү үчүн Өзбекстанга барууга аракет кылган. Анын Кыргызстандын жана Казакстандын уюшкан кылмыштуу топторунун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги айтылды.
"Б.М. менен биргеликте анын ишенимдүү адамы 1980-жылы туулган уйгур улутундагы М.З. аттуу кыргыз жараны да кармалды. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон. Ал Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө көмөк көрсөткөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул факты боюнча тергөө жүрүүдө.