Бүгүн, 19-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаары жана облусунда сел жүргөн аймактарды жеринен көрүп, эл менен жолугуу үчүн барды.
Анын айтымында, селден жабыркап кулаган үйлөргө мамлекет тарабынан жардам берилип, кыш мезгилине чейин курулуп бүтүш керектигин айтты.
"Айттырбай келген жаратылыш кырсыгы болду. Мамлекет четте карап турбайт, жардам берилет. Жабыркагандарга кандай жардам берүү керектигин кортундулардын соңунда айтабыз. Эң негизгиси кышка чейин бузулган үйлөрдү калыбына келтирип, кирип алыш керек. Бардык кызматтар, бийлик өкүлдөрү элге толук жардам берилип бүтмөйүнчө, эч жакка кетпейт”, - деди Ташиев.
Ал арада жергиликтүү тургундар аскерлерге жана ӨКМдин куткаруучуларына ыраазылык билдиришти.
Айта кетсек, Ошко иш сапары менен барган атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев сел жүргөн аймактарды тик учак менен көрүп чыккан.