Белгилүү португалиялык футболчу, мадриддик “Реалдын” лидери Криштиану Роналду Globe Soccer версиясы боюнча дароо эки наамга талапкер болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда испаниялык Marca басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи 29-декабрда Дубайда (БАЭ) өткөрүлөт. Роналду иш-чарага катыша турганын билдирди. Ал “Жылдын мыкты футболчусу” жана “Күйөрмандардын сүйүктүү футболчусу” наамдары боюнча сыйлыкка көрсөтүлүүдө.
Globe Soccer 2010-жылдан баштап ар түрдүү номинацияларда мыктыларды аныктап келет. 2011-жылы Роналду ушул басылманын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамын утуп алган.