Өлкөдө июль айында 218 баланы фостердик үй-бүлө өз карамагына алды

Фостердик үй-бүлөлөр институту Кыргызстанда 2014-жылдан баштап киргизилген. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, июль айынын башына карата Кыргызстанда ата-энесинин көзөмөлүсүз калган 218 бала 110 багып алуучу (фостердик) үй-бүлөдө тарбияланат. Өткөн жылга салыштырмалуу үй – бүлөлөрдүн саны 29 пайызга көбөйгөн.

Мындан тышкары фостердик үй-бүлөлөргө окууга дагы 51 талапкер Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат.

Маалымат үчүн: фостердик же багуучу үй-бүлө-бул мамлекет менен келишимдин негизинде белгилүү бир мөөнөткө турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды тарбиялоону жүзөгө ашырган, окутуудан өткөн үй-бүлө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан