"Эч жакка кете албайт". Камчыбек Ташиев кармалган бажасы боюнча үн катты

Бүгүн, 19-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында облус башчысы, акимдер, айыл өкмөт башчылардын катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйында Камчыбек Ташиев жеке жыргалчылыгына иштей турган чиновниктерди камак күтүп турганын дагы бир жолу эскертти.

"Эч кимди аямай жок, мыйзамды бузса баары жоопко тартылат. Аны айтпаса деле түшүнүктүү, өзүңүздөр деле көрдүңүздөр, урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевичтин эки тууганы мыйзамды бузуп, бирөөнү алдаганы үчүн азыр бизде камакта отурат. Президент туугандарын аяган жок.

Мына өзүмдүн бир тууган бажам отурат. Аны отургузганыбызга бир апта болуп калды окшойт, менин кайнежемдин күйөөсү. Ал дагы мыйзамды бузган, мына отурат. Эми мыйзам алдында жооп берет, эч жакка кете албайт", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан