Ош шаарындагы борбордук базар коопсуз жерге көчүрүлөт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев селден жапа чеккен жарандар менен жолукканда билдирди.
Ал элди сабырдуулукка чакырып, мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар берилерин белгиледи.
"Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштардын баары алынат. Базар дагы көчүрүлөт. Себеби мындай кырсык дагы кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан базарды коопсуз жерге көчүрөбүз. Жергиликтүү органдар менен бирге жаңы базардан орундарды аласыздар. Коопсуз жерде өзүңүздөрдүн соодаңарды жүргүзөсүңөр”, - деди Ташиев.
Белгилей кетсек, 14-июлда катуу жаандан улам Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Ош шаарында сел жүргөн. Ош шаарында Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды каптаган. Анда базардагы буюм-тайым, товарлар, атүгүл унааларга чейин суу агызып кеткен.