Бүгүн, 19-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ошко иш сапары менен барып, эл менен жолуккан соң жыйын өткөрдү. Ал өлкө боюнча селден улам жараксыз абалга келген 76 үйдү кайра курууда ар бирине мамлекет тарабынан 1 миллион сомдон бөлүнө тургандыгын билдирди.
“Бузулуп, жашоого жараксыз абалга келген 76 үй бар экен. Анын ар бирине 1 миллион сомдон бөлүнөт. Аны райондун акимдери көзөмөлгө алат. Кийин албай калдым дегендер болбосун. Алып той-топурга жумшап жиберген болсо, акимдер өз чөнтөгүңөрдөн чыгарып, ошол үйдү курасыңар. Ошондой эле 50 турак үй капиталдык оңдоого муктаж. Алардын ар бирине 500 миңден берилет”, - деди Ташиев.
Ал эми мыйзам чегинде иш алып барган, патент төлөгөн селден улам жабыркаган Оштун базарындагы соодагерлерге 100 миңден берилери айтылды.
“Жалпы 750 соода түйүнү селден жабыркаган. Соодагерлер өз алган товарынын отчётун билбейт. Сурасам айтып бере алган жок. Ошого “ККМ аппаратын алгыла, эсеп-кысап жүргүзгүлө” деп айтып келдик. Эми товарлардын чыгымын сөз менен аныктайбызбы? Мыйзамга да баш ийүү керек да. Бирок мамлекет патент төлөп, мыйзамдуу иш алып барып жаткан ар бир соода түйүнүнө 100 миңден төлөп берет”, - деп кошумчалады УКМК төрагасы.
Белгилей кетсек, 14-июлда катуу жаандан улам Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Ош шаарында сел жүргөн. Ош шаарында Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды каптаган. Анда базардагы буюм-тайым, товарлар, атүгүл унааларга чейин суу агызып кеткен.