Бишкекте №7 троллейбус кайра каттамга чыкты

Бүгүн, 19-июлдан тарта Бишкекте №7 троллейбустук каттам кыймыл чиймесин жарым-жартылай өзгөртүү менен ишин улантат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №7 троллейбус Ак-Өргөө конушунан Тунгуч кичи районуна чейин каттайт. Бирок буга чейин каттам Киев көчөсү менен жүрсө, эми ал убактылуу Москва көчөсү менен жүрөт. Маршруттун калган бөлүгү өзгөрүүсүз калат.

Белгилей кетсек, убактылуу өзгөрүүлөр жолдорду капиталдык оңдоого байланыштуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан