Билим берүү министрлигиндеги кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык мекемелеринде эмгек китепчелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын гранттык негизде аяктаган айрым бүтүрүүчүлөрү билим берүү мекемелеринин кызмат адамдары, кесиптик лицейлердин жетекчилери менен сүйлөшүп алышып, ал жерлерде иштегендиги тууралуу эмгек китепчелерин алып келишкен. Бирок алар ошол эле учурда башка чөйрөдө иштеп жүрүшкөн.

Ал эми мыйзам боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен билим алган жарандар бөлүштүрүүгө ылайык ишке жиберилет. Тагыраагы аймактарда иштөөсү керек болот.

Укук коргоо органдары эмгек китепчелерин мыйзамсыз берүү боюнча 21 фактыны аныкташкан. Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иштери козголгон.

ИИМ мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын көлөмү 5 миллион 250 мин сомду түзгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан