Израиль Газадагы салгылашуу учурунда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) эрежелерин бузганы үчүн футболго байланыштуу бардык иш-аракеттеринен четтетилиши мүмкүн. Бул тууралуу Reuters агенттиги адам укуктары боюнча адистешкен юристтер жүргүзгөн көз карандысыз юридикалык анализге таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Палестинанын футбол федерациясы (PFA) Израилди дисквалификациялоо сунушун май айында киргизген. Өз кезегинде ФИФА ага чукул арада юридикалык баа берүүнү тапшырып, бул маселени өз кеңешинин июль айында өтө турган кезексиз жыйынында кароону убада кылган.
Азия футбол конфедерациясы дагы Израилге каршы арызды колдогону баса белгиленди.