Ташкентте өтүп жаткан Мираброр Усмановдун жаркын элесине арналган футзал боюнча эл аралык турнирде испаниялык машыктыруучу Луис Бернат Молина жетектеген футзал боюнча Кыргыз улуттук курамасы алгачкы оюнун жеңиш менен баштады.
Мелдештин ачылышында кыргызстандык футзалчылар кечээ, 19-июлда Гватемала курамасы менен беттешип, 4:3 эсебинде жеңишке жетти. Кыргыз курамасынан голдорду Абдурахим Данияр уулу (дубль), ошондой эле Деңизбек Амандык уулу менен Мухамед Аскарбеков киргизишти.
Кийинки оюнун Кыргыз курамасы бүгүн, 20-июлда Өзбекстанга каршы өткөрөт.
Турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Гватемала курама командалары катышууда. Беттештер 19-июлдан 24-июлга чейин Ташкенттеги Юнусабад спорт комплексинде өтөт.