Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын түзүлгөн күнүнө жана 1999-2022-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон аскер кызматкерлеринин жаркын элесине арналган Улуттук гвардиянын колбашчысынын кубогуна кол кармашып урушу боюнча турнири аяктады.
Турнирдин жабылыш аземинде Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы, гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов турнирдин бардык катышуучуларына жогорку кесиптик чеберчилиги жана күжүрмөн мүнөзү үчүн ыраазычылык билдирип, кубок, медаль жана грамоталарды тапшырды.
Турнирге жалпысынан 13 командадан турган 100 спортчу катышты. Жалпы командалык биринчи орунду Улуттук гвардиянын командасы, 2-орунду 52806 аскер бөлүгүнүн командасы, ал эми үчүнчү орунду УКМК чек ара кызматынын командасы ээледи.