"Биз ушунчалык бактылуу элек". Аида Касымалиева ата-энесинин өмүрүн алган кырсык боюнча үн катты

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева социалдык тармактагы баракчасына Ысык-Көлдөгү ири жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына арнап билдирүү жарыялады.

Билдирүүсүндө Аида Касымалиева маркум атасы жол эрежесин бузуп, эч качан унааны катуу айдаган эместигин баса белгиледи.

"Алтындарым менин - апам, атам, Бектемирим, Байтурум, Канзатым, Нурзатым менин. Силерди жерге бердик бүгүн, бир боорлорум ай! Бул сүрөттө баарыңар турасыңар, беш баладан төртөөң кеттиң. Байтур түштө үзүлдү. Бойлоруңар узун, акылдуу, көздөрүңөр Мыктыбек акемдикиндей чооң, жылдыздуу, жадырап-жайнаган козуларым менин. Жаман силерди жакшы көрчү элем го! Жыттап-жыттап тойбойт элек. Көлгө чыгаардан бир күн мурун Панфилов паркына Байтур сарышкамды, эгиздер Канзат менен Нурзатты аябай ойноттум эле. Жолдо баратсак шагырап, биз көп элек, биз бактылуу элек. Биз ушунчалык бактылуу элек. Анан эле бактыбызды ажал жулуп кетип калды го. Нурзат мен Америкадан алып келген жашыл футболкасын чечпей уктады эле ошол түнү.

Кайгыбызды тең бөлүшкөн ар бириңиздерге чон ыраазычылык! Бүгүн мен ушул сөздүн маанисин түшүндүм.
Атоооу, апоооу, бул трагедиянын орду эч качан толбойт, бирок биз сиздерди уят кылбай, кайраттанып жашоого аракеттенебиз. Бейиште болгула.
Бир эле нерсе: атам эч качан эреже бузуп, катуу айдачу эмес. Күнөөлүү адам жазасын толук алып, иш адилет каралышы керек. Башка мындай өлүм болбошу керек", - деп жазды Аида Касымалиева.

Кырсык 17-июлда Өрнөк айылында болгон. Анда Toyota Avensis унаасы менен артынан келе жаткан Mercedes-Benz W210 унаасы сүзүшкөн. Toyota Avensis унаасынын айдоочусу, анын жубайы жана 9 жаштагы небереси ошол жерден каза тапкан. Үч бала оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол түнү эки өспүрүм каза болгон.

Ал эми экинчи унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчү денелеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кечээ, 19-июлда ооруканада оор абалда жаткан дагы бир өспрүм бул дүйнө менен кош айтышкан.

Кийинчерээк каза болгондор Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана алардын 9 жаштагы небереси экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан