Тина Канделаки кыргыз бийлигин сынга алды. Ага президенттин администрациясы жооп кайтарды

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков орусиялык журналист жана телеалпаруучу Тина Канделакинин кыргыз бийлигин орусфобия деп айыптаган сөздөрүнө жооп берди.

Орусиялык журналист Бишкектин борборундагы Аскердик Даңк музейинин бузулушун сынга алды. Канделакинин айтымында, авариялык имаратты сактап калууга мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок аны коргоочулардын беттерине түкүрүү менен алып бузууну чечишкенин айткан. Ошол эле учурда журналист "өлкөдөгү орусофобия үчүн негиз көптөн бери даярдалган" деп билдирди.

Анын мындай билдирүүсүнө Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди. Орунбековдун айтымында, имаратты кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес болчу.

"Орусиялык телеалпаруучу Тина Канделакинин Бишкектеги И.Панфилов атындагы Аскердик даңк музейинин имаратынын бузулушуна байланыштуу билдирүүсүнө байланыштуу төмөндөгүдөй тактоолорду киргизүүнү зарыл деп эсептейбиз. Биринчиден, имараттын абалын тыкыр анализдеп, техникалык корутунду менен тастыкталгандан кийин бузуу чечими кабыл алынган. Документте имараттын канааттандырарлык эмес абалы, өрттүн издери, жаракалар, ошондой эле имараттын сейсмикалык нормаларга ылайык келбегендиги белгиленет. Имаратты мындан ары эксплуатациялоо адамдардын коопсуздугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратып, имаратты калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

Экинчиден, Кыргызстан эгемендүү мамлекет. Бийлик тарабынан кабыл алынган чечимдер кыргыз элинин кызыкчылыгына негизделген. Коомдук ишмерлердин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерде пикир келишпестиктерди жаратышы мүмкүн болгон билдирүүлөрү кабыл алынгыс жана биздин мамилелерибиздин негизинде турган өз ара түшүнүшүү жана урматтоо духуна карама-каршы келет.

Үчүнчүдөн, Кыргызстан орус тили расмий тил болгон көп улуттуу өлкө. Орус тили жана орус маданияты биздин тарыхыбыздын жана турмушубуздун ажырагыс бөлүгү.

Төртүнчүдөн, Панфилов дивизиясын түбөлүккө калтыруу - бул Москваны коргоо үчүн курман болгон аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын жаркын элесине таазим кылуу. Кыргызстанда жана Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринде туулуп-өскөн, согушка катышкан кыргыз, орус жана башка элдердин мыкты өкүлдөрүнүн тарыхый эс-тутуму жана баатырдык эрдиктеринин үстүнөн назик темада ой жүгүртүүгө эч кимге жол бербейбиз.

Тарыхый эс-тутумду чын жүрөктөн урматтоо менен мамиле кылуу, жалпы тарыхты баалоо керек. Парламенттин же өлкө жетекчилигинин кийлигишүүсү тууралуу билдирүү туура жана профессионалдуу эмес. Жалпы биздин басып өткөн жолубузга акарат келтирүү Кыргызстан менен Орусияны кандай фундаменталдык кызыкчылыктар байланыштырып турганын түшүнбөгөндүктөн кабар берет.

Ошондуктан орусиялык телеалпаруучуну орусфобия боюнча айыптоо негизсиз эле эмес, абсурд дагы. Тина Канделакиге мындай билдирүүлөрдү жарыялоодон мурун өлкөбүздүн тарыхын изилдеп, бизге келип кетүүгө кеңеш бергим келет. Мен ишенем, анын ою 180 градуска өзгөрөт жана ал мындан ары мындай кылууга эч качан жол бербейт”, - деп жазды Дайырбек Орунбеков.

Белгилей кетсек, бул Канделакинин Кыргызстанды айыптаган биринчи билдирүүсү эмес. Ушул жылдын январь айында дагы ал өзүнүн тelegram каналында Бишкектин райондорунун атын өзгөртүү демилгесине нааразылыгын билдирген. Бирок, кийинчерээк ал билдирүүсүн өчүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан