Кечээ, 19-июлда Ташкент шаарындагы «Голубые купола» сейил багында Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында «Кыргыз айылы» ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады.
Анда кыргыз боз үйлөрү тигилип, улуттук аспаптар, кол өнөрчүлүк, зергер буюмдары жана улуттук кийим-кечелер орун алды.
Калаа тургундарын суктандырган «Кыргыз айылы» 2 күн бою туруп, кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн тааныштырат.
Айылга Өзбекстандын Маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджиханов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү баш багып, анда орун алган көргөзмө менен таанышып чыгышкан.