Кечээ, 24-декабрда старт алган оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда 3 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи күнүндө 3 комплект медаль ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. 56 килограмм салмакта “Лондон-2012” Олимпиадасынын катышуучусу Бекзат Осмоналиев алтын медаль тагынды. 62 килограмм салмакта Изат Артыковдун көрсөткүчү бардык атаандаштарыныкынан жогору болсо, 69 килограмм салмакта Улан Жакишев 1-орунду ээледи.
Кошумчалай кетсек, мелдеш бүгүн, 25-декабрда жыйынтыкталат. Анда 4 салмак категориясы боюнча кыздар жана уландар арасында жеңүүчүлөр белгилүү болот.