
Чолпон-Ата шаарындагы "Три короны" панстонатынын пляжында парашют аттракциону жабылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
"Кечээ, 20-июль күнү “Три короны” пансионатынын пляжынын жээгинде Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери парашют аттракционунун ишмердүүлүгүнө тыюу салышты. Аталган факт Ысык-Көл РИИБинин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды", - деп билдиришти облустук милициядан.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан кабыл алынган токтомго ылайык, облустун аймагында парашюттарды колдонуу аттракциондоруна убактылуу тыюу салынган.
Мындай чечим аймактагы эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилген.