Австралиялык чөп үстүндө хоккей ойноо боюнча спортчу Мэттью Доусон Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн аты жок манжасын кесип салды. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ал оң колунун аты жок манжасын сындырып алган. Аны гипс менен кайра калыбына келтирүүнүн ордуна, эртерээк сакайып, Олимпиадага катышыш үчүн кестирип салган.
"Мен муну менен Парижде ойноо мүмкүнчүлүгүн гана эмес, өмүрүмдүн аягына чейин акылдуу чечим кабыл алдым", - деген ал.
Ал машыгууга кайтып келген.
Австралиянын чөп үстүндө хоккей ойноо боюнча курамасы 27-июлда 2016-жылкы Олимпиада чемпиону Аргентина менен беттешет.