Бостериде көлгө кирчү жолго тосмо орнотуп алгандардын тосмосу алынды

Социалдык тармактарда Чоң -Сары-Ой жана Бостери айыл аймактарында көл жээгине кирчү жолдорго тосмолорду коюшуп, көл жээгине кирчү эс алуучулардын автоунааларынан акча каражаттарын талап кылышып жатышат деген маалыматтар тараган.

Аталган маалымат боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышып, аталган тосмолорду алышкан. Андан тышкары, аталган тосмолорду орнотушкан Чоң-Сары-Ой айылынын 29-жаштагы тургуну М.А. жана жаш өспүрүм балдардын энеси К.Т. аттуу жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мындай фактыларды кайталоого жол берилбесин эскеришти.

"Ошондой эле, аталган маселелер боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү милдети жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөндүктөн Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан президенттин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнө жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жергиликтүү тургундар арасында жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алуу зарылдыгы жөнүндө сунуш берилди", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан