Париж-2024: Садыр Жапаров Олимпиадага бара турчу спортчуларга тууну тапшырды (фото)

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, алдыда боло турган ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы олимпиадачылардын алдында сүйлөп жатып, Олимпиада - бул дүйнөлүк масштабдагы иш-чара экенин, дүйнөлүк спорт тарыхында абдан маанилүү орунду ээлерин белгиледи.

“Бүгүн бул жерде үч жылдан бери кайрат-күчүн жыйып, талап кылынган тартипти катуу сактап, өжөрлөнө машыгып, акыры Кыргызстандын намысын коргоо укугуна ээ болгондор чогулуп отурушат. Дегеле соңку жылдары өлкөбүздө спорт жаатында күчтүү жаш муун өсүп келатат. Биздин спортчуларыбыздын келечеги али алдыда!”, – деди Жапаров.

Садыр Жапаров өз сөзүндө олимпиадалык алтын үчүн күрөш өтө курч болоорун, бирок биздин спортчуларыбыз кандай гана кыйын таймаштар болбосун тайсалдап калбаарын баса белгилеп өттү.

“Тескерисинче, мындай кыл чайнашкан учурлар спортчуларыбызды чыйралтып, ого бетер күчтүү, ого бетер намыстуу, ого бетер ишенимдүү кылып келген. Айкөл Манас баштаган бабаларыбыздын көк жалдыгын, көздөгөнүнө жете билген өжөрлүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында көрсөтөсүңөр деп ишенем. Силер 7 миллион кыргызстандыктын ой-санаасында турасыңар, силерди жүз миңдеген мекендештериңер жеңиш менен күтөт”, - деп мамлекет башчысы олимпиадачыларга дем-күч жана жеңишке болгон бекем эрк каалады.

Иш-чаранын аягында Садыр Жапаров улуттук курама команданын капитаны, атактуу балбан Акжол Махмудовго Кыргызстандын мамлекеттик желегин тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан