Рамис Жунусалиев кайрадан көк бөрү федерациясына президент болду

Бүгүн 21-июль күнү Көкбөрү федерациясы Чолпон-Ата шаарында кезексиз курултай өткөрдү. Жыйынга облус өкүлдөрү, команда жетекчилери, башкармалык мүчөлөрү жана Улуттук курамадагы көкбөрүчүлөр болуп 69 делегат катышты.

Күн тартибине Көкбөрү федерациясынын президентин шайлоо боюнча жалгыз маселе коюлуп, талапкерликке Айбек Абылкасымов менен Рамис Жунусалиев сунушталды. Жыйын жүрүшүндө Айбек Абылкасымов көрсөтүлгөн ишенимге ыраазычылыгын айтып, өз ысымын талапкерликтен алып салды.

Натыйжада жалгыз талапкер Рамис Жунусалиевдин талапкерлиги катышуучулар тараптан бир добуш менен колдоого алынып, Көкбөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Ал өз сөзүндө учурда Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана катышуу приоритеттүү багыт экенин айтып, бардык катышуучуларды Кыргызстан курама командасынын алдында биригүүгө чакырды.

Белгилей кетсек Рамис Жунусалиев 2023-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын май айына чейин Көк бөрү федерациясынын президентинин кызматын аркалаган. Май айында бул кызматка Курманкул Зулушев келип, июль айынын башында кеткен. Андан соң Рамис Жунусалев бүгүнкү күнгө чейин президенттин милдетин аткарып келе жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан