Сел коркунучун алдын алуу. Бишкекте каналдардын, дарыялардын жээгинде жайгашкан объекттер текшерилет

Коркунучтар минималдуу болгонуна карабастан, үзгүлтүксүз көзөмөл зарыл. Мындай пикирин борбор калаанынын мэри Айбек Жунушалиев кечээ, 21-июлда көчмө жыйыныда билдирди.

Маалымдалгандай, 23-июлга чейин республикада аба ырайы туруксуз болуп, нөшөрлүү жамгыр жаашы мүмкүн. Андыктан көчмө жыйындын максаты - бардык коркунучтуу аймактарды жеринде текшерүү, жеке үйлөрдү жана башка объектилерди суу астында калуу коркунучунан алдын алуу.

Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга каналдардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, топтолгон таштандыларды тазалоо жана жээктерди бекемдөө боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле жогорку даярдык режимин сактоо тапшырылды.

“Дарыялардын боюнда жайгашкан объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү, ошондой эле Ленин районунун администрациясына Ала-Арча дарыясынын боюндагы жер тилкелеринин инвентаризациясын жүргүзүү тапшырылды”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан