Өлкөнүн олимпиадалык курама командасынын спорттук формасы ата мекендик дизайнерлер тарабынан иштелип чыккан. Бул тууралуу Кыргызстандын олимпиадалык курамасына арналган Министрлер кабинетинин Телеграм каналы билдирди.
Дизайнерлер Сонун Нурманбетова, Алтынай Рыскулова, Салтанат Мамытова, Владимир Арановский жана Нурсултан Муратов олимпиадалык курама команда үчүн спорттук форманы иштеп чыгышкан.
"Кыргызстандын мамлекеттик туусунун түсүн чагылдырган форма аба ырайынын шарттарын эске алуу менен спортчуларга ыңгайлуулукту жана функционалдуулукту камсыздайт.
Форма, анын ичинде бут кийим, толугу менен ата мекендик өндүрүштөгү жогорку сапаттагы материалдардан жасалган. Трикотаж көйнөк, юбка же шым, күрмө жана бут кийимден турган форманын бир комплекти 36 миң сомду түздү", - деп жазылат анда.
Спорттук формалардын фотосессиясына сууда сүзүү боюнча эл аралык спорт чебери Елизавета Печерских жана дзюдо боюнча ушул жылдагы дүйнө чемпиондугунда коло байге ээси, 2022-жылкы жайкы Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров катышкан.
Кечээ, 21-июлда Олимпиадага катыша турган спортчулар президент Садыр Жапаров менен жолугушкан. Анда спортчулар жаңы форманы кийип барышкан. Форманын төшүндөгү 361 деген жазуу талкууга алынган.