Ош шаарындагы борбордук базар эки ай аралында башка жакка жылат. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаев бүгүн, 22-июлда билдирди.
Анын айтымында, учурда борбордук базар ачык. Соода кылууга тоскоолдук жок. Базардын ичиндеги соода түйүндөрүнө кирген селдин кесепетинен пайда болгон таштандылар, ылайлар тазаланып берилген.
“Кайрадан сел келип, кырсык болуп кетпөөсүнө кепилдик жок. Мэрия адам өмүрүнө жана коопсуздугуна жоопкер катары кырсыкты алдын алууга милдеттүү. Андыктан мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр алынып салынды. Ал эми жаңы муниципалдык базар эки ай аралыгында толук курулуп бүтүп, көчүрүлөт”, - деп маалымдаган Исаев.