Ош облусунун Кара-Суу районунда сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сел калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 16 инженердик техника, 28 куткаруучу, 30 кызматкер, жарандарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн өрт өчүрүүчү унаа тартылды.
Кечээ, 21-июль күнү саат 22:20да Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагында катталган катуу жааган жамгырдан Кара-Кой Калдай айылынын Мундарча жайлоосуна кетчү ички чарбалык жолуна кокту-колоттордон сел кыяндары түшүп, жол эки тараптуу жабылган.
Жерине Ноокат райондук №71 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылып, саат 01:17де унаа жол бир тараптуу ачылган.