УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районуна барып, селдин кесепетинен бузулган көпүрө, жолдорду тез арада оңдоо жана жаңылоо боюнча тапшырмаларды берип, жергиликтүүлөр менен жолугушуп кетти. Бул туурасында бүгүн, 22-июлда анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов өз социалдык баракчасына бөлүштү.
Ташиев жаңы транспорт министрин элге тааныштырып, өлкө башчысынын талабын айтты.
“Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келдим. Октябрь айынын аягына чейин Ноокаттагы 19,5 чакырым жол жана көпүрө маселеси толугу менен чечилип бүтүшү керек. Жаңы транспорт министрине милдеттемелерин берип, адистер менен чогуу жеринен көрүп чыктык”, - деди Ташиев.